Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:22
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Казакстан Актаудагы учак кырсыгы боюнча алдын ала отчетун жарыялады

05.02.2025 09:26
446
Казакстан Актаудагы учак кырсыгы боюнча алдын ала отчетун жарыялады


Казакстандын Транспорт министрлиги Актаудагы учак кырсыгы боюнча алдын ала отчетун жарыялады


Документтеги урунттуу учурлар:


- Диспетчерлер Грозныйда "Ковер" планы (Росавиациянын жетекчиси бул украин дрондорунун чабуулунан улам бардык аба кемелеринин аталган мейкиндиктен кетүүсү каралган план экенин айткан) киргизилгенин эскертишкен;

- Саат 05:13:31де учакта сокку жасалган үн угулуп, автопилот өчүп калгандыгы боюнча сигнализация иштей баштаган. 34 секунддан кийин экинчи ирет сокку жасалганы катталган;

- Борт коштоочу учкучка учактын арт жагындагы эки орундук жарылганын айткан. Андан кийин учактын экипажы Грозныйдагы диспетчерден Минеральные воды шаарындагы, андан соң Махачкаладагы аба ырайын сураган. Кийинчерээк экипаж Бакуга кайтып келмек болуп, кайра Актауга учуп кетүүнү чечкен;

- Учактын конструкцияларынан бир нече "бөтөн объектилер" табылган. Алар кошумча экспертизага жөнөтүлмөкчү;

- "Бөтөн объектилер" келтирген зыянды аныктоо үчүн жаңы экспертизалар жүргүзүлөт.


Бул алдын ала жазылган отчет. Маалымат дагы такталып, кошумчаланышы ыктымал. Соңку документ иштердин бардыгы жыйынтыкталган соң берилери белгиленди.


Эскерте кетсек, 25-декабрь күнү Бакудан Грозный шаарына учуп келе жаткан "Азербайжан аба жолдорунун" Embraer-190 учагы кырсыкка учурап, ичиндеги 67 жүргүнчүнүн 38и көз жумган. Аман калган 29 жүргүнчүнүн үчөө кыргызстандыктар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн