Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстан Ирандан келе жаткан кыргыз жүк ташуучуларынын колоннасын өткөрдү

25.03.2020 11:38
824
Казакстан Ирандан келе жаткан кыргыз жүк ташуучуларынын колоннасын өткөрдү


Казакстандан кечээ, 24-марттан тарта Россия, Азербейжан жана Казакстан аймактары аркылуу Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалардын экинчи колоннасын өткөрдү.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакстандын аймагындагы орус-казак мамлекеттик чек арасынын «Котяевка-Курмангазы» көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери аркылуу Кыргызстанга келе жаткан 19 унаадан турган жүк ташуучулардын колоннасы коё берилди. Унаалар Казакстандын патрулдук кызматкерлеринин коштоосу менен багыт алды.


Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги оор жүк ташуучулардын Ирандан келе жаткан кийинки транзиттик коридору Казакстан тарабынан уюштурулганын жана бул бир жолу болуучу акция болуп эсептеленерин кабарлайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн