Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Казакстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга кызыкдар экенин билдирди

13.12.2021 11:28
505
Казакстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга кызыкдар экенин билдирди

17-декабрда Кыргызстанга «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет.


Казакстандык адистер, өкмөт өкүлдөрү Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келатканын Акылбек Жапаров 10-декабрда Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Анын айтымында, ГЭС куруу маселеси эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолуккан учурда көтөрүлгөн.


«Казакстандагы эл аралык финансылык борбордун жана казак өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү «Камбарата-1» ГЭСин куруу боюнча президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келатышат. Өзбекстан өкмөтү менен «Камбар-Ата-1дин» ТЭО (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштеп чыгып жатабыз. Казакстандык кесиптештер келсе алар менен дагы ТЭОлордун баарын иштеп чыгып, бир финансылык моделге келебиз, эмдиги жылдан тарта кура баштайбыз. Акчаны ким, кантип таап келет, үлүшү канча болот, муну биз карап жатабыз. Кайсы принциптер менен курулат, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан тарапта эмне болот дегенди президенттер өздөрү ич ара чечип алса болот. Биздеги болгон ресурсту чогуу пайдаланышыбыз керек экенин быйылкы жай көрсөттү. Суу аябай тартыш болду, аны бүт мамлекеттер түшүндү. Биз Нарын суусу, кийин Сырдарыя болуп өтүп кеткен суунун 1,5% эле өзүбүзгө колдонобуз. Калган суунун бардыгын кошуналар колдонот. Ошондуктан алар дагы өз ыктыярлары менен кошо иштешели деп жатат. Биз ошол долбоорду эмдиги жылы жылдырабыз»деди өкмөт башчы.


«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Курулуштун техникалык-экономикалык негиздемесин «Гидродолбоор» институтунун Ташкенттеги бөлүмү иштеп чыккан, кийинчерээк бул жагдайды Өзбекстандын нааразылыгына жооп кылып Кыргызстан эске салган. Союз таркаган соң долбоор унутулган. «Камбар-Ата–1» ГЭСи Нарын дарыясынын жогорку жагында Жалал-Абад облусунун аймагында курулмак.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн