Кулжа 16, 2024
Убакыт: 20:55
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Казакстан Кыргызстандан 330 миллион кубометр суу алат

21.07.2022 13:43
394
Казакстан Кыргызстандан 330 миллион кубометр суу алат


Казакстан Кыргызстандан 330 миллион метр куб сууну трансчегаралык Чү жана Талас дарыялары аркылуу алат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Кыргыз Республикасынан агып келген сууну дыйкандар сугат иштерине жумшашат.


Министр суу Казакстанга товар алмашуу келишимине ылайык берилип жатканын, ага ылайык Кыргызстандын Токтогул ГЭСи сууну жайкысын коё берип, кышында электр энергиясы менен кайтарып берерин түшүндүрдү.


Ал ошондой эле Казакстан Республикасы коңшу өлкөлөрдөн келген суунун агымын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Бул үчүн алар Тажикстан менен гуманитардык жардамдын ордуна Бахри-Тажик суу сактагычынан 84 миллион метр куб суу алуу боюнча келишимге жетишкен.


Эске салсак, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишимге 2021-жылдын март айында кол коюлган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн