Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жаатында Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу казак өкмөтүнөн кабарлады.
Жардам катары 400 жасалма дем алдыруучу аппарат жана Казакстанда жасалган 2 миллион даана медициналык маска жөнөтүлөт.
"Мындай чечим кыргыз тараптын атайын суранычы менен кабыл алынды",- деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн