Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

07.05.2021 09:12
1248
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 10 миң тонна ун жөнөтөт. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди.


"Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, президент Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечти. Кошуна өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт", - деп билдирген Уали.

Өкмөт мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткара баштады.


Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн