Казакстан Кыргызстанга колдонулбаган аскердик техникаларын белек кылууга камданууда. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, бул боюнча макулдашуу бир ай мурун Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген. Ал эми мыйзам долбоору бүгүн жарыяланды.
Казак тарап ракета учуруучу приборлор , ракеталар, картридждер жана башкаларды бериши мүмкүн. Кыргызстанга жеткирүүнү казак тарап камсыздайт.
Пикирлер (1)