Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Казакстан: Костанайда өрт 43 миң гектар жерди түздү (видео)

05.09.2022 09:11
806
Казакстан: Костанайда өрт 43 миң гектар жерди түздү (видео)

Казакстандын Костанай облусунда токой өртүнө байланыштуу жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, акимчиликтин резервинен жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү. Каражат биринчи кезекте жата турган жай жана тамак-ашка жумшалды. Эвакуацияланган 1800 кишинин 200дөйү мектептерге жайгаштырылган. Бир бөлүгү үйлөрүнө кайткан, айрымдары туугандарыныкына кеткен.


Расмий маалымат боюнча 108 турак жайда учкун тутанып, 98 үй толугу менен күйүп кетти.


Жергиликтүү бийлик жабыркагандар компенсация же жаңы турак жай талап кыла аларын билдирди. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов үйлөрдүн курулушун баштап, аларды кыска мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.


Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 4-сентябрь кечки саат 18:00дөгү маалыматы боюнча эки калктуу конуш менен М-36 республикалык трассанын боюнда, мындан тышкары токойдогу 8 тилкеде өрт өчүрүлүп жатат. Өрттү өчүрүүгө 193 техника, 8 тик учак, 5 поезд жана 1500дөй киши тартылды.


Табият кырсыгынын кесепетинен он адам жабыркады, арасында бир бала бар, төртөө райондук ооруканада. Жекшемби күнү эртең менен куткаруучулар Аманкарагай конушундагы өрт чалган турак жайлардын урандыларынын алдынан 86 жаштагы карыянын сөөгүн алып чыгышкан.


Социалдык тармактардын колдонуучулары жабыркандарга жардам көрсөтүүнү демилгелешти. Жарандар кийим, дары жана азык-түлүк чогулта башташты.


Костанай облусунда 2-сентябрда Казанбасы айлынан 20 чакырым жердеги токтойдон өрт чыгып, тездик менен жайылган. Кийин жалын жакын арадагы калктуу конуштарды каптаган, 1800 киши эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө 36 градус ысык менен шамаал кедергисин тийгизип жатканын айткан. Жекшемби күнкү маалыматка караганда 43 миң гектер жерди өрт каптаган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн