Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:55
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Казакстан буудай жана ун экспортуна коюлган чектөөнү алат

02.09.2022 09:55
1260
Казакстан буудай жана ун экспортуна коюлган чектөөнү алат

Казакстан 10-сентябрда өлкөдөн дан жана ун чыгырып кетүүгө киргизилген чектөөнү алат. Бул тууралуу маалымат казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.


Апрелде санкциялардан улам Россия дан экспортун токтотуп, ага улай Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизген. Июнда бул чектөө сентябрдын аягына чейин узартылган.


Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 13 миллион тоннадан ашуун буудай чогултуу пландалууда. Бул былтыр жыйналган түшүмдөн 12 пайызга көп. Казак бийлиги ички керектөөнү 6,5 миллион тоннага баалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн