Бишкек, /Медиа Центр/. Учурда Казакстан Токмоктун тушундагы айланма жолдогу Кыргызстандын аймагына кирип кеткен чек арасына зым тосмолорду койгондугу белгилүү. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы мунун себептерин казак тарабы кошумча жол белгилерин жана бул жерден өтүүнүн эрежеси жазылган такталарды орнотуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ошону менен Казакстандын аймагындагы “Азия” жана “Достык” май куюучу жайлары Кыргызстандын жарандары үчүн убактылуу жабылгандыгын жана жүргүнчүлөрдүн ал жерлерге токтобой өтүүсүн кулактандырган. Ошол эле учурда транзиттик жол ачык экенин да билебиз.
Токмоктун тушундагы жеңдей жердин азабы
Мурдагы бийликтер (Акаев, Бакиев, Атамбаев) тарабынан чек ара маселесинде бир топ алешемдиктердин кеткендиги бүгүнкү күндө жалпы эле Кыргызстандыктарды санаага салууда. Болбосо, Казакстан менен чек ара маселесин чечүүдө Токмоктун тушундагы транзиттик жолдун бир кесими жана суу бөлүп турган жерлер казак тарабына өтүп кеткенин кандайча түшүнөбүз? Ырас, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара ортону бөлүп турган суу боюнча чечилерээри дүйнөлүк практика. Ошондой болсо да бир тууган Казакстан менен алмашуу жолу менен болсо дагы Токмоктун тушундагы ичкери кирип кеткен казак чек арасын бери киргизбей койсо болмок беле? Болмок!
А кокустан Казакстан кабагы бүркөлгөн күнү ал жолду жаап салса кандай айла кылабыз? Ушуну мурдагылар ойлогон жокпу? Айтор,суроо көп.
Өтө албай турган унаалар...
Ал эми Казакстан канчалык боорубуз дегенибиз менен өз кызыкчылыгына келгенде өткөрмө чек ара бекеттерин каалаган күнү жаап, каалабаса ачып эле коюп жатат. Мына жакындан бери кыргыз-казак “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда Казакстанга шыр өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүлөрү узаргандан узарып эле баратат. Бүгүнкү күндө ал жерде 140га жакын жүк унаалары кармалып турганы айтылууда.
Буга байланыштуу, эки-үч күн мурда вице-премьер министрлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров жетелешип барышып, ал жердеги кезек күткөн айдоочуларды сооротуп келишти.
«Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жылдын суук мезгилинде чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда», - деди Жеңиш Разаков.
Маселеге келсек, аталган чек арадагы түзүлгөн кырдаал тууралуу Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар маалымат каражаттарында “басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын” билдирген.
“Бузулбаган пломбалар” деп казак тарабы электрондук пломбаларды айтып жатканын түшүнүп турабыз. Анткени, Казакстан транзит менен өткөн оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбаларды өздөрү коюп жатат. Муну казак тарабы аткезчиликти жана каттоого алынбаган товарларды чектөө максатында жасап жатышкандыктары менен түшүндүрүүдө.
Ошол эле Олжас Отар “Азаттык” радиосуна берген маалыматында казак тарабы мындай аракеттери менен өз кызыкчылыктарын коргоп жатканын танган деле эмес. “...Соңку үч айдын ичинде 601 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Алардын документтеринде жүктү Казакстан аркылуу Орусияга ташып жеткирүү көрсөтүлгөн. Бирок аталган товарлар Казакстандын аймагында сатылган. Жалпы баасы 5 млрд. теңгеге барабар бул соода жүгүртүүдөн 600 млн. теңгеге чукул салык алынышы керек эле. Мына ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бизде транзит менен өтүп бараткан оор жүк ташуучу автоунааларга электрондук пломбалар коюлуп жатат...Коюлган пломбалар аркылуу транзиттик жүктөрдүн каерде баратканы бизге көрүнүп турат”,- дейт ал.
Ошентип, Казакстан ЕАЭБдин эрежелеринен
мурда өз капчыгын көздөп жатат. Бул тууралуу
былтыр жазында кыргыз-казак чек-ара өтмөгүндө дал ушундай кырдаал түзүлгөндө,
ал кездеги экономика министри Олег Панкратов мындай деген: “Аныгында азыр чек
арадан өтпөй турган жүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү транзит менен бараткандар.
Казакстандын өткөрбөй жаткандыгы, бул товарлардын Кыргызстан аркылуу өтүшүн
каалабайт. Анткени, бажыдан өткөндө бажы төлөмдөрү ЕАЭБдин жалпы бюджетине
которулганы менен, товардан алынуучу КНС бажыдан өткөргөн өлкөдө калат. Ошону
менен товарларды өткөрмө пункттары аркылуу киргизбөө амалы менен Казакстан
бизден КНСти өз колдоруна алууну көздөп жатат”.
Кыргызстан ЕАЭБге кайрылды
“Ак-Тилек-автожол” өткөрмө бекетиндеги жагдайга байланыштуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын мындай кадамдары Евразиялык экономикалык биримдиктин кабыл алынган эрежелерине каршы келээрин айтып, казак тарабын ал эрежелерди сактоого чакырган.
Казак тарабынын өтүп жаткан жүктөргө жана товарларга бир тараптуу кошумча текшерүүлөрдү киргизгени ЕАЭБдин жалпы эрежесине жатпайт жана аталган экономикалык биримдиктин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттенмелерге кайнаса каны кошулбайт. Кыргызстан бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салуу өтүнүчү менен Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылды.
Мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү тапшырган премьер-министр М.Абылгазиев, ошол эле учурда Казакстан Республикасынын аймагы боюнча товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгуу боюнча кыргыз-казак Өкмөттөр аралык 8-кеңешинде макулдашылганын, бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ экендигин эске салды.
Эсенбек Касенов
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн