Бугу 11, 2024
Убакыт: 19:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстан карантиндик чараларга кайтууга камынууда

29.06.2020 22:46
924
Казакстан карантиндик чараларга кайтууга камынууда


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө COVID-19 вирусуна кабылуу саны өсүп жаткандыгына байланыштуу катуу карантин режимине кайтып келүү боюнча сунуштарды даярдоого эки күн убакыт берди, деп билдирди мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

 

Видеоконференция режиминде өткөн кеңешмеде Касым-Жомарт Токаев “май айынан бери күнүгө аныкталган жаңы учурлардын саны өлкөдө жети эсе өсүп кетти” деп айтты.

 

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чукул чараларды көрүү максатында Мамлекеттик комиссияга март-май айларындагыдай катуу карантин киргизүү маселеси боюнча мага сунуш даярдоого эки күн мөөнөт берем”, - деп билдирди президент.

 

Кеңешменин жүрүшүндө президент Токаев үч облустун жетекчилерине сөгүш жарыялап, Нур-Султан жана Алматы шаарларынын мэрлерине эскертүү берди.

 

Дары каражаттары менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн өкмөткө беш күндүк убакыт берилет”, - деди Токаев.


Кошумчаласак, акыркы суткада Казакстанда вирус аныкталган 547 жаңы учур аныкталып, жалпы ооругандардын саны 21,3 миңден ашты. Эпидемия башталгандан бери андан 183 адам көз жумду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн