Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери чек арадагы тоскоолдуктарды жоюуну талкуулашты

09.06.2020 09:31
999
Казакстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери чек арадагы тоскоолдуктарды жоюуну талкуулашты


Кечээ, 8-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министри М.Тлеубердинин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду, деп маалымдады министрликтин басма сөз кызматы.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле COVID-19га каршы аракеттенүүдө эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.


Ошону менен бирге кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу автотранспорттук каражаттардын өтүү кыймылына байланышкан кырдаал боюнча пикир алмашышты.


Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен азыркы учурда иштеп жаткан «Ак-Тилек» – «Карасу» жана «Чоң-Капка» – «Айша-Биби» өткөрмө пункттарындагы тоскоолдуктарды четтетүү зарыл деген түшүнүккө келишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн