22-августта “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталганын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.
Саат 12.00дө өткөрүү пунктунун алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн кезекте турган 430дай унаа турган.
Акыркы суткада Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөн.
УКМКнын Чек ара кызматы чектөө киргизген жок, өткөрүү пункту кадимки режимде иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн