Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстан менен Өзбекстанга жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өтөт, - Өкмөт

18.03.2020 10:41
757
Казакстан менен Өзбекстанга жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз өтөт, - Өкмөт


Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынан жүк ташуучу унаалар Кыргызстанга тоскоолдуксуз өтүүдө. Бул тууралуу Коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды. 


Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 17-мартта саат 16:00гө карата Казакстан менен көзөмөл-өткөрмө жайларында жүк ташуучу унаалардын көп чогулганы байкалган эмес. Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана Өзбекстандын чек арасы менен эч кандай маселе жок.  


Муну менен катар Эркин Асрандиев жүк ташуунун трафиги тоскоолдуксуз болуш үчүн кошуна өлкөлөрдүн позициясы бир болуш керектигин айтты. Учурда тараптар тигил же бул өлкөгө жүк ташып баруу же алып келүүнүн бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгууда. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн