Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстан өлүм жазасын жокко чыгарды

24.09.2020 17:22
1510
Казакстан өлүм жазасын жокко чыгарды


Казакстан өлүм жазасын алып салган эл аралык протоколго кошулду. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.


Маалыматка караганда, Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров өлүм жазасын жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндөгү Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кол койду.


Өлүм жазасын жокко чыгарган эл аралык протоколго кошулуу чечими кабыл алынганын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев дагы өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып билдирген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн