Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Казакстан өзү чыгарган вакцинаны сыноодо

21.12.2020 09:16
618
Казакстан өзү чыгарган вакцинаны сыноодо

Казакстан QazCovid-in деп аталган коронавируска каршы жергиликтүү вакцинаны үч миң ыктыярчыга сыноону баштады. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн сайты кабарлады.


Маалыматка караганда, Жамбыл облусундагы Биологиялык коопсуздук проблемалары илимий-иликтөө институту (ГЗИ) QazCovid-in вакцинасынын клиникалык сыноосунун 1-2 фазасын жүргүзгөн, вакцинанын эффективдүүлүгү 96% деп белгиленген.


Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин QazCovid-in вакинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы мартта башталарын билдирген.


Буга чейин Жамбыл облусунда наркы 7 млрд. теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы казакстандык вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Ага ылайык, завод жылына 30-60 млн. доза өлчөмүндө коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Андан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары айтылган.


Ошол эле маалда казак бийлиги Россиянын президенти Владимир Путин менен түзүлгөн келишимге ылайык, ушул жылдын 22-декабрында Казакстанда Россиянын «Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшү башталарын да маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн