Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Казакстан өзү өндүргөн вакцина менен элди эмдөөдөн өткөрө баштады

Казакстан өзү өндүргөн вакцина менен элди эмдөөдөн өткөрө баштады

26-апрелде Казакстанда калкты коронавируска каршы жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмдөө башталды. Дүйшөмбү күнү вакцинанын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттык сактоо министри Алексей Цой алды.


Апрелдин башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге орус өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» вакцинасы сайылган. Өлкөдө бул препарат менен эмдөө 1-февралда башталган. Ага чейин Токаев казак өндүрүшүнөн чыккан вакцинаны ала турганын айткан.

«Биздин тапшырма — мүмкүнчүлүк берүү. Андан кийин жарандар өздөрү тандайт, өздөрү эмдөөдөн өтөт», — деди ден соолук министри. Министрдин айтымында, 26-апрелге карата Казакстанда коронавируска каршы 893 633 киши эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 165 997 адам эки дозасын тең алды.

Цой Жамбыл облусунда вакцина өндүрө турган заводдун курулушу уланып жатканын, азыр Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-иликтөө институту өз алдынча 50 миң доза өндүрүүгө кудуреттүү экенин кошумчалады. Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина Казакстандын аймактарына жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда былтыр март айынан бери 361 миң киши COVID-19 вирусун жуктуруп алган. 4300дөн ашык адамдын өлүмүнө коронавирус себеп болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн