Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Казакстан парламентинин төрагасы Талант Мамытовду төрага болуп шайланышы менен куттуктады

31.12.2021 20:51
679
Казакстан парламентинин төрагасы Талант Мамытовду төрага болуп шайланышы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин Талант Мамытовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.


Өз куттуктоосунда Кыргызстан менен Казакстандын салттуу достук мамилеси жана стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да бекемделе берээрине ишенээрин айткан Нурлан Нигматулин: “Албетте бул багытта эки өлкөнүн парламенттери олуттуу салым кошуп, элибиздин кызыкчылыгы үчүн эмгектене берет деп эсептейм”, – деди.


Ошондой эле Талант Мамытовго жана жалпы боордош кыргыз элине жакшы тилектерин жолдоду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн