Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:55
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Казакстан "Талибанды" террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды

04.06.2024 09:15
3068
Казакстан "Талибанды" террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды


Казакстан "Талибан"* кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу Касым-Жоомарт Токаев ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары менен жолугушканда билдиргенин ”Акорда" жазды.


Анын айтымында, азыркы этаптагы стратегиялык милдеттердин бири аймактар ​​аралык байланыштарга Афганстанды активдүү аралаштыруу болуп саналат.


"Казакстан талибдерди террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Анткени Афганстан менен соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү маанилүү жана бул режим узак мөөнөттүү фактор деп ойлойбуз", — деген ал.


Президент бул маселе боюнча ЖККУ өлкөлөрүнүн макулдашылган позициясынын маанилүүлүгүн белгилеп, Алматыда Борбор Азия жана Афганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун Регионалдык борборун түзүү боюнча Казакстандын демилгесин колдоого чакырганы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн