Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:04
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Казакстан селден 9,5 миллион доллар зыян тартты

11.05.2020 09:32
854
Казакстан селден 9,5 миллион доллар зыян тартты


Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамба жарылып, каптаган селден улам Казакстандын түштүгүндөгү Түркстан облусу 9,5 миллион доллар чыгаша тартты. Жергиликтүү бийлик 7639 гектар айдоо талаалары суу алдында калганын, 300гө чукул мал өлгөнүн кабарлоодо.


Миңден ашуун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, комиссиянын чечими менен аларга компенсация төлөнүп берилмей болду. Канча турак жай зыянга учураганы азырынча айтыла элек.


Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышынан улам Түркстан облусунда 14 калктуу конуштан 32 миңге чукул киши убактылуу көчүрүлгөн.


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев плотинанын жырылышы коңшу өлкөгө зыян алып келгени үчүн өкүнгөнүн билдирген. Казакстан президенти 9-майда “Твиттерге” Мактаарал районда жабырлануучулар жаңы же ремонттологон үй-жай менен камсыз болорун, алардын ар бирине 100 миң теңгеден берилерин айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн