Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:31
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Казакстан тарап жүк ташуучу унаалар эмнеге топтолуп калганын түшүндүрдү

22.08.2023 17:44
424
Казакстан тарап жүк ташуучу унаалар эмнеге топтолуп калганын түшүндүрдү


Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев Кыргызстан менен чектешкен жерде фуралардын эмнеге топтолуп калганына түшүндүрмө бергенин Sputnik Казакстан жазды.


"Ал жерде бажы жок, бул ЕАЭБдин ички чеги. Мен билгенден, баңгизатын аныктоо боюнча операция болгон. Андыктан, азыр кыязы, Чек ара жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатат", — деген ал журналисттерге.


Ал "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун" айтты.


Кечээ кечинде кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында 370 автоунаа өтпөй туруп калганы айтылган. 10 саат ичинде казак тарап болгону үч фура өткөргөн. Айдоочуларга таянган ЖМКлар Кыргызстан Казакстанга суу бербегени үчүн жолдун буулганын жазган. Бүгүн ал жерде 430 автоунаа топтолуп калганы кабарланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн