Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Казакстан, Өзбекстан жана Россия сыяктуу өлкөлөр менен товар жүгүртүү чектелбейт

16.03.2020 11:31
802
Казакстан, Өзбекстан жана Россия сыяктуу өлкөлөр менен товар жүгүртүү чектелбейт


Казакстан жана Россия сыяктуу экономикалык байланыш тыгыз болгон чоң мамлекеттер ортосундагы чек ара үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.


"Россия менен биздин позициябыз дал келет. Коронавирус оорусун жуктуруп албоо, анын жыйылышын минималдаштыруу максатында жарандардын кирип-чыгуусу, алардын жүрүм-туруму көзөмөлгө алынып, чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бирок бизнес чөйрөсүндө товарлардын өлкөгө кириши жана тышка чыгышы эч кандай үзгүлтүккө учурабайт", - деди ал.


Премьер-министр белгилегендей, Казакстанда өкмөт президенттин жарлыгын аткаруу боюнча ыкчам чараларды көрүп жатышат, бирок ал жакта дагы чек араны жабуу тууралуу маселе көтөрүлгөн жок.


"Өзбекстан менен болгон экономикалык соода жүгүртүү жана башка карым катнаш ушундай эле өңүттө болот деген ойдомун", - деди М.Абылгазиев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн