Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:06
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Казакстан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнүн санын көбөйттү

25.08.2023 11:37
595
Казакстан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнүн санын көбөйттү


Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү саатына 2-3төн 8-9га чейин көбөйттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ энергетика жана инфраструктура миснитри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында ЕЭКтин делегациясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек - автожол" көзөмөл өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышкан.

"Кыргыз тарап мониторинг тобуна казак тараптан өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнөн улам пайда болгон жүк ташуучу унаалардын узун кезеги боюнча маалымат берген", - деп белгиледи ЕЭК.

24-августка карата казак тараптан унаа каражаттарын өткөрүү көбөйтүлдү. ЕЭК абалды мындан ары дагы көзөмөлдөп турат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн