Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда 13-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

09.07.2020 10:29
1136
Казакстанда 13-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды


Казакстанда 13-июль коронавирустан каза болгон жарандарды эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев телекайрылуусунда билдиргенин Tengrinews жазды. 


"13-июлду улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алдым. Бул күнү пандемиянын курмандыгы болгон казакстандык жарандар эскерилет ", - деди ал. 


Токаев өлкөдө коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталганын айтты.


"Тилекке каршы, карантиндик чараларды массалык турдө сактабагандыктан, мурунку саламаттыкты сактоо министринин системалык каталарынан коронавирустун экинчи толкунуна жол берилди. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз", - деди ал.


Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн