Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Казакстанда 2 адамдан коронавирус илдети табылды

13.03.2020 15:03
937
Казакстанда 2 адамдан коронавирус илдети табылды


Казакстанда коронавирус илдетине 1 аял жана 1 эркек киши табылганын Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов маалымат жыйында айтты.


Маалыматка ылайык, казак жарандары Германиядан кайтып келишкен жана алар азыр Алма-Ата шаарында.


“9-март күнү учактын бортунда 73 жүргүнчү келген, биз биринчиден аларды изоляциялоого киришебиз. Алардын абалы жакшы карантинге гана жатышат. Ал эми экинчи борт бүгүн (13-март ред) түндө келген. Бортто баардыгы биригип 12 адам учуп келген, алардын баары карантинге жаткырылды”, - деди Биртанов.


Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан чыккан коронавирус илдетин пандемия деп атаган. Учурда бул дартка чалдыккандардын саны 125 миңден ашып, дүйнөнүн 119 өлкөсүндө катталды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн