Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Казакстанда 30-майдан тарта мечит, чиркөөлөр ачылат

29.05.2020 14:21
1058
Казакстанда 30-майдан тарта мечит, чиркөөлөр ачылат

 

Казакстандын Алматы шаарында 30-майдан тарта сыйынуучу жайлар иштей баштайт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Алмата шаарынын башкы санитардык дарыгеринин чечимине ылайык санитардык-дезинфекциялык эрежелерди сактоо менен сыйынуучу жайлар ачылат.


Негизги талаптардын бири болуп диний чогулуштарды уюштурбоо каралган. Анын ичине жума намаздары, ишемби жана жекшемби күндөрдөгү сыйынуулар, чогулуп алып ыйык аттарды атап ырдоого жана башка чогулуштарды өткөрүүгө болбойт.


Мындан сырткары, беткап жана колкап тагып социалдык аралыкты сактоолору керек. Ал эми беткапсыз келгендер, ооруп жаткандар киргизилбейт. Сыйынуучу жайларда 15-20 мүнөттөн ашык жүрүүгө да тыюу салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн