Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Казакстанда 80 жаштагы адамдын үйүнөн 50 кап апийим табылды (фото)

14.05.2020 11:35
2180
Казакстанда 80 жаштагы адамдын үйүнөн 50 кап апийим табылды (фото)


Казакстанда 80 жаштагы кишинин короосунан апийимдин 5,5 миң өсүп турган көчөтү табылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Түркүстан облусунун тургунунун үйүндө эгилип турган апийимди чогултканда 50 кап чыгып, жалпы салмагы 62 килограммды түзгөн.


Мындан сырткары 45 гр кургатылган апийим табылган.


Аталган факт боюнча Казакстандын мыйзамына ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү баардык айыпты моюнуна алган. Кийин ал адам буга чейин да мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн