Казакстанда бир суткада коронавирус илдетинин жаңы 215 учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстанда илдетти жуктургандардын саны 13 074 бейтапты түзсө анын 7737си оорудан сакайып, 58и каза болгон.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 188 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 7 113 366 бейтапты түздү. Вирустан айыккандардын жалпы саны 3 292 704 киши.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн