Бугу 01, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Казакстанда КМШ өлкөлөрү антитеррордук машыгуу өткөрдү

04.09.2021 08:08
650
Казакстанда КМШ өлкөлөрү антитеррордук машыгуу өткөрдү

Казакстандын Актау шаарында 2-сентябрда КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын терроризмге каршы бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин чогулушу өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.


Билдирүүдө айтылгандай, жетекчилердин катышуусунда “Каспий-Антитеррор-2021” аталышында КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуусунун экинчи (аяктоочу) этабы өткөрүлдү.


“Каспий-Антитеррор-2021” шериктештик өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын, атайын кызматтардын жана башка укук коргоо органдарынын террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүгө даярдыгын жогорулатууга багытталып эки этапта ишке ашырылган. Машыгууга КМШнын сегиз мамлекетинин (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан) атайын кызматтары катышты.


КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен антитеррордук машыгуулары шериктештик өлкөлөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүү системасынын маанилүү компоненти болуп саналат.


Алардын негизги максаты — КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтарынын жана башка күч структураларынын террористтик чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууга даярдыгын жогорулатуу болуп эсептелинет.


2001-жылдан бери 16 машыгуу уюштурулуп, алардын ар биринин темалары террористтик коркунучтардын жайылуу динамикасын жана тенденциясын эске алуу менен түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн