Бүгүн, 29-июнга карата Казакстанда СOVID-19 инфекциясынан каза болгон адамдардын саны 178ге жетти. Бул тууралуу аталган мамлекеттин ыкчам штабы маалымдады.
Маалыматка караганда, бир сутка ичинде республикада 5 адам коронавиурстун кесепетинен көз жумган. Алар - Атырау облусунда 1943-жылы туулган аял жана 1960-жылы туулган эркек киши. Түркестан облусунда 1949-жылы туулган жана Казакстандын чыгышында 1963-жылы туулган эркек киши каза болгон.
Казакстан боюнча жалпы 21 миңден ашык адамга оору жуккан. Анын ичинен 13 миңге жакын адам айыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн