Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Казакстанда аткаминерлерге чет өлкөдө банк эсептерин ачууга тыюу салынат

03.09.2020 16:45
1014
Казакстанда аткаминерлерге чет өлкөдө банк эсептерин ачууга тыюу салынат

Казакстандын Каржы министрлиги мамлекеттик жогорку кызматта иштеген аткаминерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чет өлкөдө банк эсептерин ачууга тыюу салынарын билдирди. Бул тууралуу zonakz.net басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Каржы миинстри Ерулан Жамаубаев 2-сентябрда бул план — министрликтин көмүскө экономика менен күрөшүү жана каржы көзөмөлүн күчөтүү программасынын бир бөлүгү экенин айтты.

Анын билдиришинче, 2021-жылдан тартып коррупциянын алдын алуу үчүн өкмөттө иштеген аткаминерлерге, депутаттарга жана судьяларга чет өлкөлөрдө банк эсебин ачууга тыюу салынат.

Жамаубаев бардык банк эсептери Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) мүчөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу программасынын алкагында текшерилерин кошумчалады.

ОЭСР — бул базар экономикасын жактаган 37 өлкөдөн турган эл аралык топ. Ал экономикалык өсүү жана туруктуу өнүгүүгө салым кошуу максатында өз курамына кирбеген 70 өлкө менен кызматташат.

Жамаубаев эгер аткаминерлер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөдө банк эсептери ачыкка чыкса кандай чара көрүлөрүн айткан жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн