Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанда айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге сатууга тыюу салынды

13.05.2021 11:15
1020
Казакстанда айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге сатууга тыюу салынды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 13-майда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин Казакстандын Мажилиси (парламент) кабыл алынган мыйзамда чет элдиктерге, жарандыгы жок адамдарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга, ошондой эле Казакстандын чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактарга, эл аралык уюмдарга, эл аралык катышуудагы илимий борборлорго жана этникалык казактарга айыл чарба багытындагы жер участокторуна ээлик кылууга жана убактылуу пайдалануу укугуна тыюу салынат.


Эске салсак, 2021-жылдын 31-декабрына чейин аталган категориядагы жеке жана юридикалык жактарга айыл чарба багытындагы жер тилкелерине укук берүүгө мораторий киргизилген.


Казакстандын Мажилисинин депутаттары айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдик жарандарга сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн