Казакстанда 10-августтан баштап 16-августка чейин коронавирус инфекциясынын кесепетинен 146 адам каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.
Алардын ичинен:
- Чыгыш Казакстан облусунда 27 адам;
- Алматы шаарында 25 адам;
- Нур-Султан шаарында 20 адам;
- Батыш Казакстан облусунда 15 адам;
- Караганда облусунда 13 адам;
- Атырау облусунда 10 адам;
- Алматы облусунда 7 адам;
- Чымкент шаарында 6 адам;
- Акмола облусунда 6 адам;
- Павлодар облусунда 6 адам;
- Актөбө облусунда 4 адам;
- Жамбыл облусунда 2 адам;
- Түндүк Казакстан облусунда 2 адам;
- Түркстан облусунда 2 адам;
- Кызылордо облусунда 1 адам.
Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирустан жалпы 1415 адам көз жумду. Пандемия башталгандан бери 103 миң 300 адам коронавирус менен катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн