Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда чыгарылган вакцина 96 пайыз натыйжалуу

29.12.2020 08:53
467
Казакстанда чыгарылган вакцина 96 пайыз натыйжалуу

Казакстанда чыгарылган  «QazCovid-in» вакцинасынын натыйжалуугу тууралуу билдирди. Cаламаттык сактоо министри Марат Шоранов 28-декабрда брифингде берген маалыматка ылайык, клиникалык сыноо учурунда препарат дээрлик 96% чейин натыйжалуу экенин көрсөттү. Бирок министр казак вакцинасын жапырт колдонуу тууралуу айтуу эрте экенин эскертти.


Клиникалык база катары Алматы менен Тараз шаарларындагы ооруканалар тандалып алынган. Министр 21-декабрда орусиялык вакцина Караганды шаарында өндүрүлө баштаганын кошумчалады. «Азыр анын сапатын текшерүүгө жөнөтүлдү, январь айынын аягына чейин жыйынтыгы колубузга тиет», деди Шоранов.


Буга чейин казак бийлиги калкты жапырт эмдөөгө келерки жылдын башынан тартып киришерин билдирген. Анда препарат адегенде калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө, дарыгерлерге, мугалимдерге жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине сайылары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн