Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанда карантин чаралары жумшартыла баштады

18.08.2020 16:47
1061
Казакстанда карантин чаралары жумшартыла баштады

Казакстанда 17-августтан тартып карантин чаралары акырындык менен жумшартыла баштады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. 

Маалыматка караганда, Казакстанга кирүү учурунда Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Грузия, Тайланд, Венгрия, Индия, Германия, Чехия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираты, Беларус, Түркия, Египет, Украина, Нидерланды жана Орусиядан келе жаткан жүргүнчүлөр ПЧР-тесттин жыйынтыгы боюнча маалымкат көрсөтүшпөйт. Алардын дене табы өлчөнүп, анкета гана толтурулат.

Польша, Өзбекстан, Тажикстандан келген жүргүнчүлөр ПЧР-тест тууралуу маалымкат көрсөтүшү керек. Эгер тест жок болсо, жүргүнчүлөр 48 саатын ичинде анализ тапшырып же 14 күн үй карантининде болушат.

Казакстан келерки аптадан тартып Бириккен Араб Эмираты, Беларус, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү пландоодо. Түркия бийлиги июлдун башында Анталияга бараткан бир каттамдагы төрт жүргүнчүдөн коронавирус аныкталгандан кийин казакстандык жарандардын өлкөгө киришин чектеген. Түркия Казакстан менен аба каттамдарын 1-сентярдан тартып калыбына келтирүүнү пландоодо.

Казакстанда март айынан бери 102 696 кишинин коронавирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган жана 1397 киши өлгөн. Августтун алгачкы 15 күнүндө 18 465 адам вирустук пневмонияга кабылганы аныкталган, 216 киши кайтыш болгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн