Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда карантин июль айынын аягына чейин узартылды

14.07.2020 10:28
948
Казакстанда карантин июль айынын аягына чейин узартылды

Казакстандын бийлиги коронавирустан улам карантиндик режимди дагы эки жумага - июль айынын аягына чейин узартты. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдиргенин Tengrinews.kz жазды. 


"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу карантиндик режим дагы эки жумага узартылды. Карантин жарандардын ден соолугун сактоо үчүн киргизилүүдө. Казакстандыктар жоопкерчиликтүү болуп, муну туура кабыл алышы шарт", - дейт президент. 


Буга чейин 5-июлда Казакстанда кайрадан катуу карантиндик режим киргизилген. 13-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, кечээ казакстандыктан коронавирустан улам каза болгон адамдарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.


Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда  59 899 адамга коронавирус жуккан. Бул оорудан 34 190 адам айыкса, 375 адам каза болгон. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн