Теке 05, 2024
Убакыт: 23:54
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Казакстанда кылмыш жасап, Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн түрк жараны Бишкектен кармалды

25.04.2022 10:42
364
Казакстанда кылмыш жасап, Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн түрк жараны Бишкектен кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча ыкчам кызматкерлери ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын басма сөз кызматы билдирет.


Тактап айтканда, Бишкек шаарынын аймагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Интерпол линиясы боюнча мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө жүргөн 1981-жылы туулган Түркиянын жараны кармалды.


Маалыматка ылайык, Түркиянын жараны Казакстандын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө турган.


Азыркы учурда жогоруда кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн