Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 1949 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде казакстанда 97 жаңы учур катталган. Илдет эң көп Алмата шаарында, ал жакта 668 бейтап ооруну жуктуруп алган. Нур-Султан шаарында инфекцияга чалдыккандар 390 адам.
Ал эми коронавирустан айыккандар жалпы 477 адамга жетсе, дарттан 19 киши көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн