Казакстандын аймагында 25-мартка карата илдетти жугузгандардын саны 80 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, илдетке чалдыккандар, Нур-Султанда 41, Алматада 31, Караганда шаарында 2, Алмата облусунда 1, Актобо облусунда 1, Шымкентте 1, Жамбылда 1, Түндүк Казакстан облусунда 1 адам экени кабарланат.
Эске салсак, 24-мартта Казакстанда инфекцияны жуктургандар 66 адамга жеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн