Казакстанда COVID-19 инфекциясына кабылгандардын саны 604 адамга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, вируска Нур-Султан шаарында 219 адам чалдыкса, Алмата шаарында 116 киши ооруну жугузуп алган. Мындан сырткары пандемия Казакстандын 15 аймагында табылган.
Маалыматка таянсак, ооругандардын арасында 45 бала катталып, алардын беши илдеттен айыккан. Ошондой эле 120 медицина кызматкери коронавирусту жуктуруп алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн