Казакстандын Алматы шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алган дагы 2 киши аныкталды. Бул тууралуу коншу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстанда ушул тапта коронавирус илдети менен 35 адам катталды. Алматы шаарында 17, Нур-Султан шаарында 18 окуя катталган.
Эске салсак, коронавирус илдетин жуктуруп алган адамдардын саны 200 миңге жакындады, илдеттен сакайып кеткендер 81 683 киши.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн