Казакстанда коронавирус илдетинен бир аял каза болду. Бул тууралуу 26-март күнү кечинде өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министр Даурен Абаев билдирип чыкты.
Буга чейин Нур-Султанда төрт бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланып жатканы, бир адам жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганы кабарланган.
Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 113кө жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн