Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда коронавирус менен күрөшүүгө канча каражат жумшалды?

10.07.2020 12:12
937
Казакстанда коронавирус менен күрөшүүгө канча каражат жумшалды?


Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус менен күрөшүү үчүн  114  млрд 826 млн тенге бөлүндү. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы  Алексей Цой билдирди. 


Анын айтымында, каражаттар өкмөттүн резервинен жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн.  


"Жалпы сумманын ичинен 40 млрд 58 млн тенге өкмөттүн резервинен бөлүнгөн: 21 млрд 184 млн - индивидуалдуу коргоо каражаттарына, 2 млрд 30 млн дары-дармектерди сатып алууга, 2,5 млрд лабораториялык жабдыктарга жумшалган. 100 млн тенге коронавирусту аныктоочу жабдыктарга, 13,7 млрд тенге ПЦР тесттери, 310 млн тенге жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга, 131 млн тенге жарандарды эвакуациялоого жумшалган", - деди министр. 

Ал кошумчалагандай, республикалык бюджеттен 74 млрд тенге бөлүнгөн. 


"19,5 млрд тенге -медициналык кызматтарга, 40,4 млрд ишке тартылган кызматкерлерге, 14,8 млрд тенге жугуштуу оорулар ооруканасында атайын жабдыктарды алууга жумшалган", - деди Цой. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн