Акыркы сутка ичинде Казакстанда 1501 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. порталы маалымдады.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 1501 адамдын ичинен 1005 адам ооруну симптому жок алып жүргөндөр.
Казакстанда пандемия башталгандан бери 44 075 адам коронавирус жуктурду, анын ичинен 14 777 адам айыкты. Каза болгон адамдардын жалпы саны - 188.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн