Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:25
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Казакстанда коронавирус жуктургандар 16 миңден ашты

19.06.2020 11:35
956
Казакстанда коронавирус жуктургандар 16 миңден ашты


Казакстанда бир суткада коронавирус инфекциясынын жаңы 474 учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, илдетке кабылгандардын жалпы саны 16 351 бейтапка жетип, анын 10 065и оорудан айыкса, 105и каза болгон. Ал эми дартты белгилери жок алып жүргөн 7 609 киши катталган.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Дүйнө жүзү боюнча илдетти жуктургандардын саны 8 488 976 бейтапка жетсе, оорудан сакайгандар 4 155 099 кишини түздү. Дарттан каза болгондор 453 981 адамды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн