Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Казакстанда коронавируска чалдыккандар 15 миңден ашты

16.06.2020 09:30
834
Казакстанда коронавируска чалдыккандар 15 миңден ашты


Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 15 миңден ашты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 383 жаңы учур катталып, муну менен ооруга кабылгандардын жалпы саны 15 192 кишиге жетти. Алардын 9 388и вирустан айыкса, 81 бейтап каза болгон.


Ал эми дартты белгилери жок алып жургөндөр 5492 адамды түзөрү айтылат.

 

Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 112 577 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн