Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны алтыга жетти

14.03.2020 14:41
908
Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны алтыга жетти


Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны алтыга жетти. Мындай маалыматты Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.  


 "Бүгүн аныкталган эки учурдун бири Алматы шаарында, экинчиси Нур-Султанда болуп чыкты. Алматыда жашаган 62 жаштагы ишкер ал шаарга 10-март күнү Москвадан келген. Ал эми Нур-Султандагы аял Варшавадан келген", — деди Диас Ахметшарип. 


Маалыматка караганда, коронавирус жуктургандардын төртөө Алматыда, экөө Нур-Султандагы ооруканада жатат. 


Эске салсак, Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккан 2 адам кечээ,  13-мартта, билинген. Ошол эле күнү вирус жуктурган дагы 2 адам тууралуу да белгилүү болгон. Алардын экөө Германиядан, бири Италиядан, бири Россиядан учуп келген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн