Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда коронавируска каршы вакцина чыгаруучу завод курулууда

13.06.2020 15:30
929
Казакстанда коронавируска каршы вакцина чыгаруучу завод курулууда


Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Жамбыл облусунда вакцина өндүрүүчү биофармацевтикалык заводдун курулушун баштоого старт берди.


Завод дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп жаткан эл аралык стандарттагы иммунобиологиялык дары препараттарын, алардын катарында коронавирус инфекциясына каршы вакцина чыгарат.


Учурда Казакстандын илим изилдөө институту тарабынан COVID-19га каршы иштелип чыккан талапкер вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тизмесине киргизилип, клиникалык колдонууга чейинки сыноолордон өткөрүлүүдө.


Заводдун курулушу 2020-жылдын декабрь айында бүткөрүлөт.


Ал эми кошумчаласак, 13-июнга карата Казакстанда коронавирус аныкталган жаңы 366 учур катталгандыгын бул өлкөнүн коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабы билдирди. Ошентип, жалпы сан 14 238ди, каза тапкандары 70ти түздү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн