Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 16 миң 351 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.
Акыркы суткада Казакстанда дагы 474 адамдан коронавирус аныкталган. Илдеттен жалпы 105 киши көз жумду.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Нур-Султан шаарында 103 адам;
- Караганда облусунда 57 адам;
- Алматы шаарында 41 адам;
- Чымкент шаарында 37 адам;
- Чыгыш Казакстан облусунда 35 адам;
- Түркстан облусунда 32 адам;
- Жамбыл облусунда 29 адам;
- Батыш Казакстан облусунда 28 адам;
- Актөбө облусунда 27 адам;
- Акмола облусунда 20 адам;
- Атырау облусунда 17 адам;
- Түндүк Казакстан облусунда 12 адам;
- Костанай облусунда 11 адам;
- Кызыл-Орда облусунда 11 адам;
- Алматы облусунда 9 адам;
- Мангистау облусунда 5 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн