Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 22:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Казакстанда коронавирустан жалпы 136 адам каза болду

25.06.2020 15:41
897
Казакстанда коронавирустан жалпы 136 адам каза болду


Казакстанда бир суткада коронавирустан дагы 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу 25-июнда өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.


Маалыматка караганда, 1960-жылы туулган аял киши менен 1956-жылы туулган эркек адам каза болду. Экөө тең Кызылордо облусунун тургундары болгон. Атайын комиссия бейтаптар коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза тапкан деп каттоо чечимин кабыл алды.


Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 136 адамды түздү.


Нур-Султан шаарында – 38 адам;


Алматы шаарында – 23;


Чымкент шаарында – 13;


Акмола облусунда – 12;


Актөбө облусунда – 1;


Атырау облусунда – 3;


Чыгыш Казакстан облусунда – 1;


Жамбыл облусунда – 1;


Батыш Казакстан облусунда – 6;


Караганда облусунда – 10;


Костанай облусунда – 3


Кызылордо облусунда – 2


Мангистау облусунда – 2


Павлодар облусунда – 13


Түркстан облусунда – 8 адам. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн